Четверг, 25 апреля

Шайлоодо ким жеңгени белгилүү болду

0

Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктарын кол менен эсептөө дээрлик соңуна чыгып калды. Учурда протоколдордун 99,96 пайызы саналып бүттү. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.

Кол санак бүткөнүн, протоколдор жалпы системага катталып жатканын, шайлоонун расмий жыйынтыгы кол менен саноодон кийин гана чыгарыларын Боршайком 1-декабрда билдирген.

Акыркы маалыматтар боюнча, беш пайыздык босогодон алты партия өттү. Депутаттык мандаттар төмөнкүчө бөлүндү:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 15 мандат;

«Ишеним» — 12 мандат;

«Ынтымак» — 9 мандат;

«Альянс» — 7 мандат;

«Бүтүн Кыргызстан» — 6 мандат;

«Ыйман нуру» — 5 мандат.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система боюнча өттү. Азыркы 120 мандаттын ордуна эми парламентте 90 гана болот. Бул 90 мандаттын 54үнө 21 партиядан 1004 талапкер, ал эми 36сына 282 талапкер ат салышты.

Шайлоонун жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыяланышы зарыл.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз