Бүгүн, 6-декабрга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 34 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Алар:
— Бишкек шаарында – 26,
— Ысык-Көл облусунда – 5,
— Баткен облусунда – 2,
— Ош шаарында – 1,
— Нарын облусунда – 0,
— Чүй облусунда – 0,
— Талас облусунда – 0,
— Ош облусунда – 0,
— Жалал-Абад облусунда – 0.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 183649 адам коронавирус менен катталган.
Акыркы суткада 2 бейтап көз жумду.