Четверг, 25 апреля

Вакцина албагандар умрага баралбайт

0

Сауд Арабиясы коронавирустун «Омикрон» деп аталган жаңы штаммына байланыштуу кичи ажылык (умра) талаптарын өзгөрткөнүн 5-декабрда “Ал-Жазира” телеканалы кабарлады. Умрага барчулар COVID-19 инфекциясына каршы бул өлкөдө жактырылган эки компоненттүү вакцинаны алууга милдеттүү болот. Дүйнөлүк саламаттык уюму жактырган, бирок Сауд Арабиясынын дары-дармек тизмесине кирбеген вакцина менен эмделгендер үч күндүк карантинде болуп, ПЧР тест тапшырышы керек.

Буга чейин кичи ажылык сапардын мөөнөтү 10 күн болсо, эми 30 күнгө чейин жүрсө болот.

Эмдө боюнча соңку эреже өлкөдө коронавирустун жаңы штаммына чалдыккан алгачкы бейтап катталганына байланыштуу киргизилгени айтылды.

Сауд Арабиясы быйыл умрага үчүнчү этап менен кабыл алууну 1-ноябрда баштаган. Уруксат 108 өлкөгө берилген, алардын ичинде Кыргызстан да бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз