Понедельник, 20 мая

БШК мыйзам бузуулар боюнча арыздарды карап жатат

0

Азыр БШК укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте арыздарды карап жатат, деп билдирди БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Анын айтымында, айрым шайлоочулардын укуктарынын бузулушу, туура эмес саноо жана башка мыйзам бузуулар боюнча арыздар түшүүдө.

«Жеринде шайлоо комиссиялары же башка мамлекеттик органдар менен биргеликте иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Бир катар партиялар, талапкерлер айрым шайлоо участкаларындагы добуштарды кайра саноону талап кылышууда. Мыйзамга ылайык, эгер так эместиктер болсо, бул так эместиктер эмнеден келип чыкканын тактап, керек болсо шайлоо комиссиясынын мүчөсү менен бирге кайра санап чыгышы керек. Азыр жумушчу топтор иштеп, кайра санап чыгуу зарылчылыгы барбы, же жокпу карап чыгып, чечим кабыл алууда», — деди Бекматов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз