Жапаров иш сапары менен Казакстанга барат

0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Казакстанга жумушчу сапарын уюштуруу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды.

Рапил Жошыбаев белгилегендей, министрлер кабинетинин төрагасынын жумушчу сапарын жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн даярдыктар көрүлүүдө.

Анын айтымында, мурда жетишилген келишимдердин алкагында Казакстандан инвестиция тартуу менен индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча иштер аткарылууда жана жакынкы арада инвесторлордун Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз