Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды.
Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирилди.
4-декабрда Акбөкөн Таштанбековдун аракеттерине «улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу» каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эске алуу менен кылмыш иши козголгонун УКМК билдирген.
Акбөкөн Таштанбеков Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого №30 Ысык-Ата шайлоо округунан катышкан.