Кыргызстандын профессионалдуу футбол лигасынын жаңы президенти болуп Уланбек Ногаев шайланды.
Кыргызстандын футбол союзунун басма сөз кызматы билдиргендей, шайлоо 6-декабрда КПФЛдин жалпы жыйынында өттү. Буга чейин Ногаев лиганын вице-президенти болуп келген.
Ошондой эле жыйында Канат Асенов Кыргызстандын профессионалдуу футбол лигасынын аткаруучу директору болуп шайланды.