Пятница, 22 ноября

Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү кышкы Олимпиадага баруудан баш тартты

0

АКШ жана Жаңы Зеландиянын бийлик өкүлдөрү 2022-жылы Пекинде өтүүчү Олимпиадага баруудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, АКШ Кытайда адам укуктары бузулуп жатат деген жүйө менен кышкы Олимпиада жана Паралимпиадага дипломатиялык же расмий делегациясын жөнөтпөй турганын билдирген. Ал эми Жаңы Зеландия бир нече себептерден, анын ичинде коронавирус пандемиясынан улам Пекинге расмий делегациясын жөнөтпөй турганын билдирген.

XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин өтөт. Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан азырынча бир гана спортчу жолдомо утту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз