Пятница, 22 ноября

Жыл башынан бери пенсия жана жөлөкпулга 46,2 млрд сом каржыланды

0

2021-жылдын январь-ноябрь айыларында пенсия жана жөлөкпулга 46 млрд 282,1 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы кабарлайт.

Анын ичинен:

— Бишкек шаары — 7 млрд 559,0 млн сом;

— Чүй облусу — 7 млрд 107,2 млн сом;

— Нарын облусу — 3 млрд 683,7 млн сом;

— Ысык-Көл облусу — 4 млрд 217,7 млн сом;

— Талас облусу — 1 млрд 913,7 млн сом;

— Ош шаары — 1 млрд 661,7 млн сомов;

— Ош облусу — 8 млрд 484,5 млн сом;

— Баткен облусу — 3 млрд 711,0 млн сом;

— Жалал-Абад облусу — 7 млрд 943,5 млн сом.

Белгилей кетсек, пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2021-жылдын ноябрь айына 4 млрд 507,2 млн сомду түздү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз