Вторник, 23 апреля

Бир суткада 32 кишиден вирус аныкталып, каза болгондор жок

0

Кыргызстанда 8-декабря карата коронавирус дагы 32 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 15, Чүй облусунда — 9, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 67 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 23, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 8, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 7, Нарын облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 7, Баткен облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 5 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 358 бейтап, амбулатордук түрдө 364 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 744 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 777 киши айыгып чыкса, 2 миң 755 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз