Суббота, 4 мая

Жогорку Кеңеш энергияны үнөмдөө тууралуу мыйзам долбоорун карайт

0

Энергияны үнөмдөө боюнча айрым мыйзамдарды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн 8-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында карала турган маселелердин бири. Долбоордун автору, депутат Экмат Байпакбаевдин белгилешинче, өзгөртүүлөрдүн максаты — энергияны керектөө деңгээлин экономикалык өнүгүүгө зыяны тийбей тургандай жолдор менен төмөндөтүү.

Мыйзам долбоору 2018-жылы иштелип чыга баштаган. Ал энергияны өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө натыйжалуулукту жогорулатууга багытталат. Долбоорду иштеп чыгууга тийиштүү мамлекеттик органдар жана Европа Биримдигинин атайын долбоору жардам берди. Буга чейин коомдук талкуудан жана парламенттин тийиштүү комитеттеринен өткөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз