Суббота, 18 мая

Жапаров: Бишкекте 2000 автобусту ишке киргизүү пландалып жатат

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына болгон иш сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар калкты коммуналдык жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Акылбек Жапаров белгилегендей, жакынкы арада Бишкек шаарында президенттин тапшырмасы менен 2000 автобус техникасы ишке киргизилет. Азыркы учурда транспортту жеткирүүчүнү аныктоо маселеси чечилип жатат.

Өз кезегинде Аскар Мамин бул долбоорду ишке ашырууга даяр экенин билдирип, Казакстанда чыгарылган электр автобустары үнөмдүү, коопсуз жана колдонууга бышык экенин белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз