Пятница, 20 сентября

Boeing 737 MAX моделин чыгарууну убактылуу кыскартат

0

Boeing 737 MAX моделин чыгарууну айына 52ден 42 самолетко чейин убактылуу кыскартууну чечти.

Америкалык Boeing компаниясы 737 MAX моделиндеги самолетторду чыгарууну катары менен болгон авиакатсатрофалардан кийин кыскартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Boeingдин президенти жана башкы директору Деннис Муйленбург билдирди.

Анын айтуусунда,  компания 737 MAX моделин чыгарууну айына 52ден 42ге чейин кыскартты. Мындан тышкары, Муйленбург компаниянын директорлор кеңешин Boeing самолетторун иштеп чыгуу боюнча долбоорлорду текшерүү менен алектенген атайын комиссия түзүүгө чакырды.

2019-жылы 10-мартта Эфиопияда 35 өлкөнүн жарандары болуп саналган 157 адам Boeing 737 MAX самолетунун кулап түшүүсүнөн каза болушкан. Самолет Эфиопиянын түштүк-батышындагы 60 километр аймакта кулаган. 2018-жылы 29-октябрда ошол эле моделдеги Boeingдин Индонезияда кулашынан 189 адам каза болгон. 737 MAX самолетторунун кулашынын себеби MCAS системасынын ишинин бузулуусу болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз