Пятница, 20 сентября

Президент Эрдоган  Россияга барат

0

Москвада Түркия-Россия жогорку деңгээлдеги Кызматташтык кеңешинин 8-жыйыны өтөт.

Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган 8-апрелде Түркия-Россия жогорку деңгээлдеги Кызматташтык кеңешинин 8-жыйынына катышуу үчүн Москвага барат.

Түркия-Россия кызматташтык кеңешинин 8-жыйыны президенттер Режеп Тайип Эрдоган жана Владимир Путиндин төрагалыгында, ошондой эле эки өлкөнүн министрлери, башка расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.

Жыйында орус-түрк мамилелери, аймактык жана эл аралык деңгээлдеги актуалдуу маселелер, айрыкча Сириядагы кырдаал талкууланат. Бул иш сапардын алкагында бир катар макулдашууларга кол коюлары күтүлүүдө.

Кеңештин жыйынынын алкагында Путин жана Эрдоган россиялык жана түркиялык ишкерлер менен жолугушушат.

Мындан тышкары, Москвага иш сапардын алкагында Түрк мамлекетинин жетекчиси Түркиянын Россиядагы Маданият жана туризм жылынын ачылышына катышат.

Бул иш чаранын салтанаттуу ачылышы Чоң театрда болуп, алгачкы түрк операсы “Троя” көрсөтүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз