Бүгүн, 11-декабрга карата өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдети дагы 68 жарандан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Бишкек — 29
Ош шаары — 1
Чүй облусу – 15
Ош облусу – 6
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 1
Ысык-Көл облусу – 6
Жалал-Абад облусу – 6
Баткен облусу — 3
Муну менен 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 183 миң 931ге жетти.