Суббота, 18 мая

KFU Football Awards 2021: Жылдын мыктылары кимдер болду?

0

Кечээ, 10-декабрда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында «Кыргыз футболуна 100 жыл» аттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарада Кыргыз футболдук союзу футбол жаатында жыл ичинде мыкты болгондорду сыйлады. Жыйынтыгында төмөндөгүлөр мыкты деп табылды:

Кыргыз Республикасынын мыкты оюнчусу — Алимардон Шүкүров;

Профессионалдык лиганын мыкты оюнчусу — Мирбек Ахматалиев;

Мыкты футзалчы — Шохрух Махмадаминов;

Эң мыкты спорттук уюм — Баткен облусунун футбол ассоциациясы;

Эң мыкты футбол машыктыруучусу — Александр Крестинин;

Футзал боюнча эң мыкты машыктыруучу — Учкунбек Абдыжапар уулу;

Мыкты футболчу айым — Айтурган Аскарова;

Мыкты футбол калысы — Денис Шалаев;

Футзал боюнча эң мыкты калыс — Нурдин Букуев.

Иш-чарада футбол ардагерлерине да эстелик сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары улуттук футболду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КФСтин экс-президенттерине, экс-вице-президенттерине, экс-башкы катчыларына эстелик белектер тапшырылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз