Вторник, 23 апреля

Садыр Жапаров Жо Байденге көңүл айтты

0

Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байденге Американын Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

“Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан адамдардын курман болгонун жана кыйроолор тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым.

Ушул жаратылыш кырсыгынан улам курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Маалыматка караганда, 11-декабрдагы болгон жаратылыш кырсыгынан жүзгө жакын адам курман болду. Кентуки штатынын Мэйфилд шаары толугу менен талкаланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз