Пятница, 22 ноября

Анкарада Чыңгыз Айтматов эскерилди

0

Кечээ, 12-декабрда Түркиянын Анкара шаарында залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматов эскерилди. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жазуучунун туулган күнүнө арналган иш-чара анын айкели тургузулган сейил бакта өттү. Ага элчи Кубанычбек Өмүралиев, Кечиөрен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок, ТҮРКСОЙдун башкы катчысынын орун басары Билал Чакыжы, Анкарадагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, студенттер, журналисттер, ошондой эле Түркияда жашаган мекендештер катышты.

Иш-чарада К.Өмүралиев менен Т.Алтынок сөз сүйлөп, Чыңгыз Айтматов азыркы замандын эң көп окулган авторлорунун бири болгонун, ошондой эле кыргыз, түрк жана дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкондугун белгилешти.

Иш чаранын алкагында жазуучунун эстелигине гүл коюу аземи өттү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз