Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына №8 Төлөйкан шайлоо округунан талапкер болгон Шайлообек Атазов шайлоодо добуш сатып алуу боюнча маалымат жыйын берген.
Анда Атазов №8 Төлөйкан шайлоо округунда шайлоо учурунда одоно мыйзам бузулганын, фактылар турса дагы БШК чечим кабыл албай жатканын айтты.
«Мага азыр Папан, Төлөйкан аймактарынан аксакалдар таза шайлоону ордуна койгула деп кайрылып жатат. Эми анын баарын Ак Үйгө алып келишим керекпи? Мыйзамдын чегинде БШКнын мүчөлөрү отуруп, бул жерде добуш сатып алуу болуптур фактысы менен деп чечим кабыл алышы керек. Учурдагы депутатты ушинтип кысып, көз боёмочулук менен утабыз деп жатса, жөнөкөй жарандарыбызды тебелеп кетип жатыптыр да анда. Мен элдин үмүтүн коргош үчүн чыккан кишимин», — деди Атазов.