Суббота, 23 ноября

«Омикрон» штаммынан көз жумган биринчи учур катталды

0

Улуу Британияда «омикрон» штаммы жугуп бейтап каза болгон биринчи учур катталгандыгын өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон билдирди.

«Тилекке каршы, «омикрон» штаммы жугуп, ооруканага жаткан учурлар байкала баштады. Андан бир бейтап көз жумду», — деп Улуу Британия өкмөтүнүн башчысы билдиргендигин «Известия» жазды.
Буга чейин коронавирустун аталган вариантынан адам өлүмү болгондугу тууралуу маалымдалган эмес. Ал «тирүү вакцина» болушу мүмкүн деген версиялар айтылган.

Гамалея адистери «омикрон» штаммына каршы вакциналар конструкциясын топтоду
Эске салсак, буга чейин, 2021-жылдын 20-ноябрында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Адистер аны грек алфавитинин 15-тамгасы менен «омикрон» деп атады. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат. Деген менен акыркы жыйынтык чыгарууга эрте экени айтылат.
Алдын ала чыккан тыянактарга караганда, B.1.1.529 иммунитети абдан эле алсыз, балким, СПИД менен ооруган же ВИЧ жугузуп алган кишинин организминде өнүгүп, калыптанган.

12-декабрда аталган штаммдын 63 мамлекетке жайылып кеткени белгилүү болду. Эске салсак, Кыргызстанга 1-декабрдан тарта коронавирустун жок экендигин көрсөткөн анализ менен кире алышат. Бул штамм азырынча Кыргызстандан чыга элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз