Пятница, 20 сентября

«Ата-Бейитте» Апрель ыңкылабы эскерилди

0

Бүгүн, 7-апрелде “Ата Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель революциясын эскерүү иш-чарасы өттү.

Ага президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана революцияда курман болгондордун жакындары катышты.

Апрель окуясында шейит кеткендерге Куран окутулуп, “Ата-Бейитте” сөөгү коюлгандардын эстелигине гүлчамбар коюлду.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда Курманбек Бакиев башындагы бийлик ыңкылап жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган. (BTo)

https://www.azattyk.org/

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз