Президент Садыр Жапаров 14-декабрда Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырды.
«Сиздер Кыргызстандын келечегисиздер! Эртең эле өлкө тагдырын өз колуңуздарга аласыздар. Бул улуу милдет жана чоң жоопкерчилик», — деди ал стипендия тапшыруу аземинде.
Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 80 студент президенттик стипендияга ээ болду.
Мамлекет башчысы жолугушууда аларды окуудагы жетишкендиктери менен куттуктап, эмгеги жана өжөрлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
«Өлкөбүздүн алдыңкы жогорку окуу жайларында терең билим алып, башка жаштарга үлгү болуп, президенттик стипендияга татыктуу болгонуңуздар баарыбызды кубандырат.
Сиздер Кыргызстандын эң мыкты студенттери экениңиздер талашсыз. Албетте, бул ийгиликке эмгекчилдигиңиздер, намыскөй эркиңиздер жана бийик атуулдук сезимиңиздер аркылуу жеттиңиздер деп эсептейм.