Пятница, 22 ноября

Ички аскер кызматында 33,9 млн сом уурдалган

0

ИИМдин Ички аскерлер кызматында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан Ички иштер министрлигинин Ички аскер кызматынын ишмердүүлүгүн текшерген. Анын жүрүшүндө туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Тактап айтканда, өздүк курамга сатып алына турган тамак-ашка жана кийим-кечеге бөлүнгөн акча каражаттарын жалган фирмалардын эсебине мыйзамсыз түрдө которуу менен 33 млн 946 миң 866 сом бюджеттик каражат уурдалган.

Аскер прокуратурасы тарабынан кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 209-беренеси (“Алдамчылык”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”), 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз