Түштүк Суданда белгисиз оорудан улам 89 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму оорунун очогу болгон Жонглий провинциясына чукул изилдөө тобун жиберген. Түштүк Суданда иш алып барган эл аралык уюмдар кеминде 89 адам каза болгонун маалымдашкан.
Ошондой эле жергиликтүү бийлик дарттын татаалдашынан каза болгондордун саны айтылгандан алда канча көп деп эсептейт. Ооруга кабылгандардын көпчүлүгү ушул жылдын август айындагы суу ташкынынан жабыркаган аймакта аныкталган.