Кыргызстанга Кытайдан 1,5 млн доза «Sinopharm» вакцинасы келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Өткөн бир суткада 9 миң 341 адам эмделди. Анын ичинен 4 миң 131 биринчи дозаны, 5 миң 210 адам экинчи дозаны алды.
Жалпысынан өлкө боюнча 1 миллион 169 миң 575 адам коронавируска каршы эмделди.