Суббота, 4 мая

Жанар Акаевдин мандаты Токтобүбү Оргалчага берилмей болду

0

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү. Анда уткан партиялардын ичинен аялдар квотасы да каралган. Ага ылайык, «Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаевге берилүүчү мандат Токтобүбү Оргалчага  автоматтык түрдө өтөөрү айтылат. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Ага ылайык, үч мандат алган партиядан — 1, жети мандат алган партиядан — 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобого ылайык, жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек.

 “Альянс” партиясына 7 мандат тийет. Анын үчөө аял. Токтобүбү Оргалча, Гүлкан Молдобекова Нилуфар Алимжанова.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгарылышы керек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз