Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрда бирдиктүү шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.
28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 21 партия ат салышкан. Бир мандаттуу шайлоо округдарында да добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылды.
Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Айтикеев билдиргендей, бирдиктүү шайлоо округундагы 20 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Ал участоктордо 12 миң 269 шайлоочу добуш берген.
Натыйжада 5 пайыздык чектен 6 партия өттү:
- «Ата-Журт Кыргызстан»;
- «Ишеним»;
- «Ынтымак»;
- «Альянс»;
- «Бүтүн Кыргызстан»;
- «Ыйман Нуру».