Суббота, 11 мая

Түркиянын Сельчук университети Кыргызстандын ЖОЖдору менен кызматташат

0

Түркиянын Конья шаарына болгон иш сапардын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Селчук университетинин ректору Метин Аксой менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тажрыйба, окутуучулар жана студенттер менен алмашуу максатында, ошондой эле университеттин Түркиянын айыл чарба багытындагы алдыңкы университеттеринин бири экенин эске алып, тараптар бул жаатта Кыргызстандын ЖОЖдору менен достук мамиле түзүү аркылуу кызматташууну макулдашышты.

Мындан тышкары, жолугушууда элчи Өмүралиев кыргызстандык студенттерге түрдүү иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн: Селчук университети 1975-жылы негизделип, Түркиянын мамлекеттик жогорку окуу жайы болуп саналат. Учурда университетте 70 миңден ашык студент билим алат. Окуу жайда 23 факультет жана 6 институт бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз