Понедельник, 23 мая

Президенттин маалымат катчысы: Айгүл Жапарова Токтобүбү Оргалча менен тааныш эмес

0

Биринчи айым Айгүл Жапарова Токтобүбү Оргалча менен эч качан тааныш болгон эмес. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратты.

15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүү тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул өзгөртүүдөн улам Жанар Акаев парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттык мандат ала албай калды — партиянын мандаты аялдардын квотасы боюнча Токтобүбү Оргалчага өткөн.

Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бул маселени саясатташтырбоого чакырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз