Пятница, 26 апреля

Жогорку сот Карганбек Самаковдун кылмыш ишин кайра кароого жөнөттү

0

Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун үстүнөн козголгон кылмыш ишти токтотуу чечимин жокко чыгарды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, кылмыш иши экинчи инстанцияга кайра кароого жөнөтүлдү.

Муну менен Жогорку сот «Сапаттуу билим фонду» коомдук фондунун өкүлүнүн кассациялык даттануусун жарым-жартылай канааттандырды.

Буга чейин Самаков Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелерин «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуш жерлери» категориясына мыйзамсыз өзгөртүү фактысы боюнча күнөлүү деп табылып, 10 жылга кесилген. Самаковго Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупцияны уюштуруу» беренеси менен айып тагылган. Кийинчерээк ага мунапыс берилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз