Бишкекте кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футзал боюнча мелдеш башталды.
Турнирге 6 команда катышып, алар эки топко бөлүндү.
Турнирдин биринчи бөлүгүндө президенттик администрациянын командасы «Өнөр» командасы менен беттешип, оюн 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Биринчи таймда «Өнөр командасы эки гол киргизсе, экинчи таймда өлкө президенти Садыр Жапаров эки гол (бири пенальтиден) киргизип, командасын жеңилүүдөн сактап калды.