Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2021-жылга карата популярдуу болгон ысымдардын рейтингин жарыялады.
Ага ылайык, эркек балдар арасында көп коюлган он ысымдын катарына: Мухаммад, Умар, Али, Амир, Билал, Алихан, Алинур, Нурислам, Эмир жана Усман кирет. Кыздар арасында: Салиха, Амина, Фатима, Айлин, Алия, Хадича, Аруузат, Сафия жана Арууке.
Буга чейинки эң кеңири тараган Умар жана Райана ысымдары өз позициясын жоготту. Бул ысымдар акыркы 5-6 жыл катары менен жаңы төрөлгөн ымыркайлар арасында эң популярдуу ысымдар болуп келген.
«Эркек балалуу болгон ата-энелердин ичинен 4537си Мухаммад деген ысымды коюшкан, бул Умардан (4132) 405ке көп. Ал эми Салиха аттуу кыздар Раянадан (2864) 243кө көп», — дешет министрликтен.