Суббота, 27 апреля

Aкыркы суткада 40 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

0

Кыргызстанда 18-декабрга карата коронавирус дагы 40 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 21, Чүй облусунда – 5, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 7 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 42 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 294 бейтап, амбулатордук түрдө 357 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 163 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 247 киши айыгып чыкса, 2 миң 781 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз