Суббота, 21 сентября

Ливияда Триполи үчүн айыгышкан согуш уланууда

0

Кагылышуу генерал Халиф Хафтар менен Ливиянын Улуттук жарашуу өкмөтүнүн күчтөрүнүн ортосунда жүрүүдө.

Ливияда борбор калаа үчүн айыгышкан согуш жүрүүдө. Кагылышуу генерал Халиф Хафтар менен Ливиянын Улуттук жарашуу өкмөтү күчтөрүнүн ортосунда болууда.

Айыгышкан согуш Триполинин кире беришинде жүрүп жатат.

Жергиликтүү ММКлар согуш мындан бир күн мурда Хафтарга жан тарткан күчтөрдүн көзөмөлүнө өткөн Триполинин Улуттук аэропортунун айланасында жүрүп жаткандыгын жазышууда. Бул аба жолу 2014-жылдан бери иштебейт.

Улуттук жарашуу өкмөтүнүн талаа госпиталынын өкүлү Малик Мерсит Ahrar телеканалына согуш учурунда кечээ 7 жоокер каза болуп, 55и жаракат алгандыгын билдирди.

Ливиянын чыгышында жайгашкан аскердик түзүлүштөрдүн лидери генерал Халиф Хафтар 4-апрелде Триполиге көзөмөл орнотуу максатында аскердик операция баштагандыгын жарыялаган.

Анын маалымат кызматынын соцтармакка жарыяланган аудиокайрылуусунда Хафтар “операция элдин өтүнүчү менен башталгандыгын” билдирген.

2011-жылдын 17-февралындагы революциядан кийин Ливия саясый туруксуздук жолуна түшкөн.

Өлкөдө бир эле мезгилде эки өкмөт – Тобрук шаарында Өкүлдөр палатасы жана Триполиде Жалпы улуттук конгресс түзүлгөн. Эки өкмөттүн тең карамагында куралдуу түзүлүштөр бар.

2015-жылы 17-декабрда БУУнун ортомчулугу менен саясый макулдашуу түзүлүп, анын негизинде Улуттук жарашуу өкмөтү куралган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз