Суббота, 21 сентября

Иордандын Батыш жээги – тарыхый палестиналык жер

0

Түркия ТИМ жетекчиси Израилдин премьерин Палестинадагы туракжайлардын аннекцияланышы боюнча сындады.

Түркия ТИМнин башчысы Мевлют Чавушоглу Израилдин премьер-министри  Биньямин Нетаньяхуну Иордан дарыясынын Батыш жээги боюнча билдирүүсү үчүн сынга алды.

«Батыш жээк – бул эл аралык укуктарга каршы келген Израил оккупациялап алган тарыхый палестиналык жер. Нетаньяхунун шайлоо алдындагы жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү ички электоратка карай жасалууда жана аймактын абалын эч кандай өзгөртө албайт»,- деп жазды түркиялык дипломатиянын башчысы социалдык тармактарда.

Мындан мурда Нетаньяху 9-апрелде Израилде боло турган парламенттик шайлоодо жеңишке жетишип калса, Иордан дарыясынын Батыш жээгинин аймагындагы мыйзамсыз еврей туракжайларын аннексиялай тургандыгын убада кылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз