Четверг, 2 мая

31-декабрда автоунааларды жеңилдетилген түрдө каттоо токтойт

0

Кыргызстанда салыктын нөлдүк ставкасы менен автоунааларды кайра каттоо боюнча улуттук кампания уланууда. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрликтин алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинде жылдын аягына чейин жеңилдетилген шартта транспорт каражаттарын кайра каттоо боюнча улуттук кампания жүргүзүлүүдө. Жарандар транспортту көрсөтүлгөн шарттарда кайра чыгарууга 10 гана күн калды.

Транспорт каражатын кайра каттоонун баасы бүгүнкү күндө чыгарылган жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө карабастан 1633 сомду түзөт. Автоунааны жаңы мамлекеттик номер албай туруп кайра каттоодон өткөргөндө, анын баасы төмөндөйт. 498 сомду түзөт.

Өкмөт бардык унаа ээлерин мүмкүнчүлүктү колдонуп, унааларды жеңилдетилген каттоодон өткөрүүнү суранат. Аз суммадагы кайра каттоо 31-декабрга чейин созулмакчы.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз