Вторник, 30 апреля

Акаев: Кыргызстанда мага карата эч кандай дооматтар жок

0

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Орусиянын «Московский Комсомолец» басылмасына берген маегинде башка жарандардай эле Кыргызстанга каалаган учурда кирип, чыга ала тургандыгын айткан.

Мурдагы президент Москвага 20-декабрда кайтып келгенин жазып, мекенинде ага карата коюлган айыптардын бардыгы жоюлганы белгиленген. Аскар Акаев буга кантип жетишкенин да айтып берген.

Акаев: “2021-жылы мекениме эки жолу бардым. Жайында бир жума, декабрда бир жума учуп келдим. Ал жакта күн сайын эртеден кечке чейин укук коргоо органдары менен абдан тыгыз иштештим. Азыр Кыргызстанда мага карата эч кандай дооматтар жок, бардык иштер жабылды деп айта алам. Эми мен Кыргызстандын башка жараны сыяктуу эле каалаган убакта келе алам”.

Эске салсак, Аскар Акаевдин Кыргызстанга 14-декабрда келгени маалымдалган. Ал эми 20-декабрда УКМКнын ага карата эч кандай доосу жок экени кабарланды. Бирок УКМК бул боюнча расмий маалымат тарата элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз