«Омикрон» майрамдоого тоскоол болот

0

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун «омикрон» штаммынан сактануу үчүн адамдарды алдыдагы майрамдарга пландарды кайрадан карап чыгууга чакырды.

«Коронавирустун жаңы штаммы башкаларына салыштырмалуу кыйла тездик менен жайылып, эмдөөдөн өткөн жана ооруп айыккан адамдарга да жугуп жатат. Өмүрдөн ажырагыча майрамдабай, иш-чараларды өткөрбөй коюу жакшы», — деди ДССУнун башчысы Тедрос Гебрейесус Женевада өткөн брифинг маалында.

Коронавирустун «омикрон» штаммынан улам бир катар өлкөлөр карантиндик чектөөлөрдү күчөттү. Нидерланд «омикронго» байланыштуу локдаун киргизген дүйнөдөгү алгачкы өлкө болуп калды. Данияда театрлар, көңүл ачуу жайлары жана музейлер жабылды. Франция менен Германия чет өлкөлөрдөн келгендер үчүн карантиндик чектөөлөрдү киргизди. Лондондун мэри Трафальгар аянтындагы майрамдык иш-чараларды өткөрбөө чечимин кабыл алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз