Суббота, 4 мая

БШК сотто жеңилди

0

Бишкектин административдик соту 21-декабрда «Альянс» партиясынын БШКнын 30% гендердик квота боюнча өзгөртүлгөн жобосуна каршы арызын карап, канааттандырды. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.

Жогорку соттун басма сөз кызматы «Альянстын» доо арызы канааттандырылып, БШКнын тиешелүү токтому мыйзамсыз деген негизде жокко чыгарылганын ырастады. БШК чечим тууралуу комментарий бере элек.

Боршайком 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрткөн. Ага чейин маселе эки жолу талкууланып, колдоо тапкан эмес.

БШК кабыл алган жобого ылайык «Альянс» партиясынан талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болмок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз