Вторник, 7 мая

УКМК: Акаевге «Кумтөр иши» боюнча жаңы айыптар тагылды

0

«Кумтөр иши» боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланууда жана аталган иш боюнча жаңы айыптар тагылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мурдагы Президент Аскар Акаевге 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен Башкы келишим түзүү жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылды.

Айрыкча, Аскар Акаев жогорудагы кылмыштарды жасоодо өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын жана анын өлкөдөн чыгып кетиши, Бишкекке келиши алдын ала тергөөчү менен макулдашылганын белгилейт.

Ошол эле учурда, кылмыш ишинин тергөө амалдары улантылып, «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууга байланыштуу кылмыштарды жасоонун башка фактылары аныкталууда, тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ишке тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилет.

Ошондуктан, Аскар Акаевге козголгон кылмыш ишинин токтотулушу тууралуу жеке адамдар тарабынан таратылган маалыматтар чындыкка дал келбейт.

УКМК өлкө жарандарын өзгөчө кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча жалган маалыматтарды таратпоого жана коомчулуктун оюн адаштырбоого дагы бир ирээт чакырат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз