Суббота, 23 ноября

Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барышы күтүлүүдө

0

Кыргыз өлкөсү менен Азербайжан стратегиялык өнөктөштүк келишиминин үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Азербайжандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев Баку шаарында өткөн басма сөз жыйында журналисттерге билдирди.

«Кыргыз президентинин келерки жылдын апрель-май айларында Азербайжанга сапары күтүлүүдө. Бул сапардын алкагында стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлат», — деп билдирген Осмоналиев.

Белгилей кетсек, 12-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз