Депутаттык комиссия башкы прокурордун Бакытбек Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Жогорку кеңештин жыйынында депутаттык комиссиянын башчысы Айсулуу Мамашова билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Жетигенов бийликти күч менен басып алууга даярданган деп шектелүүдө. Ал ноябрь айынын соңунда камакка алынган болчу.
Депутаттык комиссиянын чечими менен 88 депутат макул болсо, 1 депутат каршы чыкты.