Пятница, 22 ноября

«Омикрон» штаммы дүйнөнүн 106 өлкөсүнө тарады

0

Коронавирустун жаңы «омикрон» штаммы 106 өлкөдөн аныкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) билдирет.

«2021-жылдын 21-декабрына карата «омикрон» штаммы дүйнөнүн 106 өлкөсүнөн аныкталды», — деп айтылат ДССУнун билдирүүсүндө.

Уюмдан кошумчалашкандай, инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу дагы деле жогорку бойдон калууда.

ДССУнун башчысы Тедрос Гебрейесус буга чейин COVID-19дун жаңы штаммы «дельтага» караганда ылдамдык менен жайылып жаткандыгын айткан.

Белгилей кетсек, ДССУ коронавирустун «омикрон» штаммынан сактануу үчүн адамдарды алдыдагы майрамдарга пландарды кайрадан карап чыгууга чакырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз