Пятница, 3 мая

COVID-19: Бир бейтап каза болуп, 37 жаңы учур катталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 37 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 13, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 6 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 42 адам илдеттен айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 299 бейтап, амбулатордук түрдө 343 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 356 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 442 киши айыгып чыкса, 2 миң 788 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз