«Кара-Кечеде» көмүр ташыган айдоочулар менен кенди кайтарган «Альфа» бөлүмүнүн аскерлеринин ортосунда чыр чыкты. Окуянын видеосу интернетке тарады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жаңжалда айрым айдоочулар жараат алганы айтылууда.
Бул боюнча «Кыргыз-Көмүр» ишканасына байланышканыбызда, окуя бир нече күн мурда орун алганын ырасташты.
Ошондой эле учурда жумуш кадимкидей уланып жатканын, абал жөнгө салынганын белгилешти.
“Айрым маалыматтарга караганда, айдоочулар менен «Альфанын» кызматкерлеринин ортосунда кандайдыр бир адамдар чагымчылдык уюштурушкан. Түшүнбөстүктөн жаңжал чыгып кеткен. Учурда баары штаттык режимде иштеп жатат», — деп билдиришти ишканадан.