Пятница, 22 ноября

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму балдарды эмдөөгө каршы чыкты

0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму балдарды коронавируска каршы эмдөөгө каршы чыкты. Бул тууралуу эл аралык ЖМК билдирет.

Уюм балдар арасында вирустан улам оор абалга кептелгендердин саны өтө аз. Андан сырткары, көпчүлүк өлкөлөрдө чоңдор арасында дагы эмдөө жай жүрүп жатканы айтылат.

«Саламаттыкты сактоо уюму балдар жана өспүрүмдөр арасында жапырт эмдөө жүргүзүүгө каршы. Дүйнө элинин вирусту оор көтөргөн катмары толугу менен эмдөөдөн өтө элек», — дейт ДССУ.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 16-18 жаштагы өспүрүмдөрдү эмдөө чечимин кабыл алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз