Пятница, 19 апреля

Бишкекте балдар үчүн Жаңы жылдык президенттик балаты өтөт

0

Бүгүн, 24-декабрда өлкө президенти Садыр Жапаров балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышат. Иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды. Анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрү, Ооганстандын Кичи жана Улуу Памириндеги этникалык кыргыздардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.

Жаңы жылдык концерттик, театрлаштырылган программа КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфир башталышы — 10:55.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз