Пятница, 30 сентября

Анкарадагы эң бийик эгиз имараттар Кыргызстан менен Түркиянын желектеринин түсүнө боелду

0

Анкара шаарынын чок ортосунда жайгашкан Түркиянын палата жана биржа союзунун эгиз имараттары кечээ, 23-декабрда Кыргызстан жана Түркиянын желектеринин түсүнө боелду. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бул акция Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен ишке ашырылды.

Элчиликтен кабарлангандай, бул эки өлкөнүн дипломатиялык мамилеси түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз