Суббота, 27 апреля

Сумаянын өлүмү боюнча шектүүгө соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды

0

Жалал-Абадда Сумаянын өлүмүнө шектелип кармалган адамга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

22-декабрь күнү Сузак РИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чаралардын негизинде кызды өлтүрүүгө шектелип Сузак районунун У.А. аттуу 48 жаштагы тургуну кармалган.

“Жактоочу шектүүнүн психикалык жактан жабыркагандыгын, буга чейин ооруп дарыланган тактамаларын көрсөткөн. Ошонун негизинде соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Бирок кылмышты жасагандыгын айтып, окуя болгон жерде көрсөтмөлөрдү берген. Экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө У.А. аттуу жаран Жалал-Абад областтык ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө жин оорусу менен стационардык тартипте дарылангандыгы аныкталды.

Шектүү сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алып, Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткенин, үч-төрт күн жертөлөдө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, денеси муздап, өлүп калгандан кийин сөөктү суунун жээгине таштап салганын жарыялаган.

Сузакта 18-ноябрдан баштап дайынсыз болгон кыздын сөөгү 27-ноябрда Көгарт дарыясынын жээгинен табылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз