Суббота, 21 сентября

Раззаков атындагы шаар пайда болот

0

Президент Садыр Жапаров Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечим кабыл алганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-декабрда министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

«Чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек аранын юридикалык тариздөөнүн аяктабагандыгы, айрым участкалар боюнча сүйлөшүү процессиндеги татаалдыктар, Кыргыз мамлекетине стратегиялык транспорттук инфраструктуранын коңшу өлкөлөрдүн аймактары аркылуу өтүшү республиканын аймактык бүтүндүгүнө тикелей коркунуч болууда. Быйыл биз Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган Баткен облусун 3 айдын ичинде калыбына келтирдик. Баткенге биринчи жолу стратегиялык чек катары мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулду. Облуска өзгөчө макам берилди. Өнүктүрүү программасы кабыл алынды. 500 миллион сомду жыл сайын бөлүп туруу чечимин кабыл алдык. Баткен боюнча көп иштерди аткардык. Мен бир жаңылыкты сөзсүз айтып коюшум керек. Өткөн жылы президенттик шайлоого аттанганда биринчи үгүт иштеримди Раззаковдун жери – Баткенден баштагам. Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимимди кабыл алдым», — дейт ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз